КАРА КӨЗҮ КАШАЮУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Оор кырсыкка, чоң жоготууга дуушар болуу. Балам өлүп, кара көзүм кашайгандан бери, ошонун досторун эш тутуп жүрөм (Бердикеев). Бизди кудай урду, кара көзүбүз кашайды (Казакбаев). Соо калтырбайт ко, кудурет, кара көзүмдү кашайтып (Бердикеев).